Nokia 1280 - Жалпы маалымат

background image

Жалпы маалымат

background image

начарлатып, артыкбаш энергияны

сарптайт, жана батареянын колдонуу

убактысын кыскартышы мүмкүн.

Бул колдонмодогу сүрөттөр,

аспабыңыздын дисплейинен чыккан

сүрөттөрдөн айырмаланышы мүмкүн.

i)Сиз, кадимки кабардын символдук

чектөөсүнөн узунураак текст кабарын

жөнөтө аласыз. Узун билдирүүлөр эки же

андан ашык билдирүү түрүндө жиберилет.

Сиздин тейлөө кызматыңыз ошого жараша

төлөө акысын алат.

Басым же башка белгилери бар символдор

же кээ бир тилдик өзгөчөлүктөр, көбүрөөк

орун алуу менен кадимки кабар аркылуу

жөнөтүлө турчу символдордун санын

азайтат.

Түрдүү аппараттарда, сүрөт кабарлары ар

түрдүү көрүнүшү мүмкүн.

Үн алгыны угуу үчүн, туура келүүчү

гарнитураны аспапка туташтырууңуз

керек. Гарнитура, антенна катары иштейт.

iii)Жарыкты бирөөнүн көздөрүнө

жаркыратпаңыз.

iv)Кээ бир тилдерде кабарларды жөнөтүү

жана кабыл алуу тармактык кызматка

кирет. Алардын бар болгонун кызмат

тейлөөчүңүздөн сураңыз. Тандалган тилди

колдогон гана аспаптарга кабарларды

жөнөтүңүз.

Тармак кызматтары жана баалары

Аспабыңыз кийинкилерде, EGSM 900 жана

1800 МГц тармактар колдонууга

бекитилген. Телефонду колдонуу үчүн

сизде, кызмат провайдери менен

жазылууңуз болушу керек.

Тармактык кызматтарды колдонуу жана

аспабыңызга мазмун жүктөө, тармакка

байланышууну талап кылат жана

маалыматтык агым чыгымдарынын себеби

болушу мүмкүн. Кээ бир продукт

өзгөчөлүктөрү тармактан колдоо талап

кылышы мүмкүн жана сизге, аларга

жазылууңуз керектелиши мүмкүн.

Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз

Аппаратыңызды, батареяны, заряддоо

түзүлүшүн жана кошумча жабдууларды

камкордук менен алып жүрүңүз. Төмөнкү

сунуштар сиздин, кепилдиктерди колдонуу

мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.

Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан

чачындар, нымдуулук жана суюктуктардын

бардык түрлөрү, электрондук тетиктерге

зыян келтирүүчү минералдарды камтыйт.

Эгер аппаратыңыз ным болуп калса,

батареяны чыгарып, кургатып коюңуз.

Аппаратты чаңдуу же кир жерлерде

колдонбоңуз же сактабаңыз. Анын

жылдырма бөлүктөрү жана

электроникалык компоненттери зыянга

учурайт.

Аппаратты суук же ысык жайларда

сактабаңыз. Жогорку температуралар,

аппараттын колдонуу убактысын

кыскартып, батареяга зыян келтирип,

27

ii)

background image

айрым пластик тетиктеринин бузулуп же

эрүүсүнө алып келиши мүмкүн.

Аппаратты суук жайларда сактабаңыз.

Аппарат өзүнүн нормалдуу

температурасына келгенде, анын ичинде

пайда болгон ным, электрондук

чынжырларга зыян келтириши ыктымал.

Колдонуучунун колдонмосунда

көрсөтүлгөндөн башка жол менен

аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.

Укуксуз өзгөртүүлөрдү киргизүү,

аппаратка зыян келтирип жана радио

жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү

эрежелерди бузушу мүмкүн.

Аппаратты түшүрүп, уруп же

силкилдетпеңиз. Этият эмес колдонуу

аппараттын ички чынжыр схемаларын

жана механизмдерин бузушу мүмкүн.

Аспаптын тышын дайым жумшак, таза

жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.

Аппаратты боебоңуз. Боектор

кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп,

туура иштөөсүнө жолтоо болуусу ыктымал.

Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн,

маал маалы менен аны өчүрүп, батареясын

алып, анан кайра иштетип туруңуз.

Аппаратыңызды магнит жана магнит

талаалардын жанында кармабаңыз.

Маанилүү маалыматыңызды коопсуз

сактаңыз, аларды, жок дегенде, эки,

түзүлүшүңүз, эс тутум картасы же

компьютериңиз сыяктуу, бөлөк жерде

сактаңыз же аларды жазып туруңуз.

Жок кылуу

Колдонуудан чыккан электроникалык

өнүмдөрдү, батарейкаларды жана

таңгактоо материалдарды буга арналган

чогултуучу жайга алып барыңыз. Муну

менен сиз, таштандылардын жайылтуусун

токтотууга жардам бересиз жана

материалдардын кайра иштетилишин

колдойсуз. Өнүмдүн айлана-чөйрөнү

сактоого арналган маалыматын жана Nokia

өнүмдөрүңүздү кандайча кайра иштете

алаарыңызды www.nokia.com/werecycle

барагында билип алыңыз.

Каршы терши чийилген дөңгөлөктүү

челек белгиси

Сиздин продуктта, батарейкада, басма

материалдарда, кутуда көрсөтүлгөн

каршы терши чийилген дөңгөлөктүү челек

белгиси баардык электр жана электрондук

продукттар, батарейкалар жана

аккумуляторлор колдонуу убактысы

бүткөндөн кийин өз өзүнчө чогултулушу

керек экендигин эске салып турат. Бул

талап Европалык Уюмунда аткарылууга

тийиш. Бул продуктуларга сорттолбогон

муниципалдык таштанды катары

карабаңыз. Аппаратыңыздын айлана-

чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу

www.nokia.com/ecodeclaration барагында

көбүрөөк үйрөнүңүз.

Батареялар жана заряддоочу түзүлүштөр

Батарея жана заряддагыч түзүлүш

жөнүндө маалымат

Аспабыңыз, BL-5CB кайра заряддалуучу

батарея менен иштетилиши керек. Nokia

бул аппаратка ылайыкталган

батарейканын дагы кошумча модельдерин

28

background image

чыгарышы мүмкүн. Дайыма, накта Nokia

батарейкасын колдонуңуз.

Бул аппарат төмөнкү заряддоо

түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып

иштетүүгө бекитилген: AC-3 . Туура Nokia

заряддагыч моделинин номери, анын

штепселинин түрүнө жараша өзгөрөт жана

алар кийинки тамгалар аркылуу

аныкталат: E, X, AR, U, A, C, K, же B.

Батарея жүздөгөн жолу кайра

заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын

иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана

сүйлөшүү режимдеринин убактысы

демейдегиден байкаларлык кыскарган

учурда батареяны алмаштырыңыз.

Батарейка коопсуздугу

Батарейканы алуудан мурда дайыма

заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып,

аппаратты өчүрүү керек. Качан сиз

заряддагычты же кошумча аспапты сууруп

жатканда шнурун эмес, сайгычын кармап,

сууруңуз.

Эгерде заряддагыч колдонулбай турса,

аны электр розеткасынан жана аппараттан

сууруп коюңуз. Толугу менен заряддалган

батареяны заряддагыч түзүлүшкө

кошулган боюнча таштап койбоңуз,

анткени ашыкча заряддоо батареянын

толук кызматтык мөөнөтүн кыскартышы

мүмкүн. Колдонулбаса деле толук

заряддалган батарея убакыттын өтүшү

менен зарядын жоготот.

Батареяны дайыма 15°C жана 25°C (59°F

жана 77°F) аралыгындагы температурада

сактаңыз. Адаттан тыш температуралар

батареянын батыруу көлөмүн жана

колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же

муздаган батареясы бар аппарат батарея

толук заряддалганына карабастан

убактылуу иштебөөсү мүмкүн.

Батареянын темир сызыкчаларына башка

темир буюмдар жана нерселер

тийишкенде, мисалы, ашык батареяны

чөнтөктө салып жүрсөңүз, кокустан кыска

туташуулар пайда болушу мүмкүн. Кыска

туташуулар, батареяга же тийген буюмга

зыян кылышы мүмкүн.

Батареяны отко жакын кармабаңыз,

анткени ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны

жергиликтүү эрежелерди сактап жок

кылыңыз. Мүмкүн болсо кайра иштетүүгө

бериңиз. Кадимки үй чарба таштандысы

катары таштабаңыз.

Батареяны же анын уюкчаларын тышын

сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп, тешип

же өз өзүнчө бөлбөңүз. Эгерде батарейка

суюктугу агып калса, ал көзүңүзгө же

териңизге тийбегендей болсун. Андай

кокустук орун алса, жаба тарткан

жерлерди дароо аккан сууга тосуп жууңуз,

же болбосо медицинакалык жардамга

кайрылыңыз.

Батарейканы кайрадан жасоого, ичине

бөтөн объекттерди киргизүүгө аракет

кылбаңыз, сууга же башка суюктук ичине

салып же аларга тийгизбеңиз. Батареяга

29

background image

зыян келтирилген учурда дагы ал

жарылуусу мүмкүн.

Батареяны жана заряддык түзүлүштү,

алардын түз максаттарында гана

колдонуңуз. Батареяны туура эмес же

тастыкталбаган батареяларды же туура

келбеген заряддык түзүлүштөрдү

колдонуу от чыгуу, жарылуу жана башка

коркунучту алып келиши мүмкүн жана

каалаган колдоону же кепилдикти жокко

чыгарышы мүмкүн. Эгерде батареяңыз

зыянга учурады деп ишенсеңиз, аны кайра

пайдалануудан мурда, техникалык тейлоо

борборуна жарамдуулугун текшерүүгө

алып барыңыз. Эч качан, бузулууга

учураган зарядоо түзүлүшүн же батареяны

колдонбоңуз. Заряддоо түзүлүшүн имарат

ичинде гана колдонуңуз.

Кошумча коопсуздук маалымат

Тез жардам чалуусун аткаруу

1. Аспап күйүк экенин текшериңиз.

2. Сигналдын жетиштүүлүгүн

текшериңиз. Дагы, балким кийинки

аракеттерди аткарууңуз керектелет:

SIM картаны кыстаруу.

Телефонуңуз үчүн жандандырган,

чалуу чектөөсү, бекитилген номерлерге

чалуу же жабык топтун кирүүчүсү сыяктуу

чектөөлөрдү иштен чыгарыңыз.

Офлайн же учуу профили

жандандырылбаганын текшериңиз.

3. Аяктоо баскычын кайта-кайта, үй

экраны көрүнмөйүнчө басыңыз.

4. Учурдагы жайгашкан жериңиздеги

расмий тез жардам номерин киргизиңиз.

Тез жардам номерлери жайгашуу жерине

жараша өзгөрүп турат.

5. Чакыруу баскычын басыңыз.

6. Бардык керектүү маалыматы, мүмкүн

болушунча так бериңиз. Уруксат

берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.

Маанилүү иш: Эгерде

аппаратыңыз интернет чалууларын

колдосо, уюлдук жана интернет

чакырууларын, экөөнү тең,

жандандырыңыз. Аппарат, тез жардам

чалууларын уюлдук тармактар жана

интернет чалуу кызмат провайдериңиз

аркылуу ишке ашырууга аракет кылышы

мүмкүн. Баардык шарттарда байланышууга

кепилдик бериле албайт. Медициналык тез

жардам сыяктуу, зарыл түрдө байланышуу

керек болгон учурларда жалгыз гана

зымсыз аппаратка ишенбеңиз.

Кичинекей балдар

Аспабыңызды жана анын кошумча

жабдууларды оюнчук кылууга болбойт. Ал

майда бөлүктөрдөн турат. Аларды

кичинекей балдардын колуна түшпөгүдөй

алыс кармаңыз.

Медициналык аппараттар

Радио берүү жабдуулардын катарына

кирген зымсыз телефондор коргоосу

жеткиликтүү иштелбеген медициналык

аппараттардын иштөөсүнө тоскоол

кылышы мүмкүн. Докдуруңуздан же

медициналык жабдууну иштеп

чыгаруучудан, алардын, сырттан келүүчү

30

background image

радио жыштык энергиясынан

жетишээрлик калкаланганы тууралуу

билип алыңыз.

Имплантацияланган медициналык

аппарат

Медициналык аспаптардын

чыгаруучулары

электрокардиостимуляторго жана

имплантацияланган дефибрилляторго

кокус тоскоолдуктарды жаратпоого

зымсыз аппараттын алардан эң кеминде

15,3 сантиметр (6 дюйм) аралыкты сактап

алып жүрүштү сунуш кылат. Мындай

аспаптар менен жашаган адамдар

төмөнкүнү эсине тутушу зарыл:

Дайыма зымсыз аппаратты күйгүзгөн

учурда медициналык аспаптан 15,3

сантиметр (6 дюйм) аралыкта кармап

туруңуз.

Аппаратты көкүрөк чөнтөгүңүздө алып

жүрбөңүз

Зымсыз аспапты медициналык аспап

жайгашкан жактан карама каршы келген

кулакка кармаңыз.

Эгер тоскоолдукту көрүүгө шегиңиз

болсо, анда зымсыз аппаратты өчүрүп

салганыңыз оң.

Имплантацияланган медициналык

аспап үчүн чыгаруучунун көрсөтмөлөрдү

аткарыңыз.

Сиздин зымсыз аппаратыңыз жана

имплантацияланган медициналык аспап

менен кошо алып жүргөнү жөнүндө дагы

суроолоруңуз болсо, өзүңүздүн караган

догдурдан кеңеш алыңыз.

Угуу мүмкүнчүлүгү

Эскертүү: Кийилген кулакчындар

менен сырттан келген үндү угууга кыйын

болот. Кулакчындарды сизден сак жүрүүнү

талап кылган жерлерде колдонбоңуз.

Кээ бир зымсыз аппараттар кээ бир угуу

аппараттарына жолтоо болушу мүмкүн.

Никель

Бул аппараттын тыштоосунда никель жок.

Аппаратыңызды зыяндуу мазмундан

сактаңыз

Аппаратыңыз вирустарга жана башка

зыяндуу мазмундун таасирине дуушар

болушу мүмкүн. Кийинки алдын алууларды

аткарыңыз:

Кабарларды ачууда этият болуңуз.

Алар, зыяндуу программаларды камтуу

менен сиздин аппаратыңызга же

компьютериңизге зыян келтириши мүмкүн.

Байланышуу талаптарын кабы алууда,

интернетти кыдырууда же мазмунду

жүктөөдө этият болуңуз.

Зыяндуу программаларга каршы

коопсуздукту жана сактыкты камсыз

кылган, өзүңүз ишенген булактардын гана

кызматтарын жана программаларын

орнотуп колдонуңуз.

Антивирус жана башка коопсуздук

камсыздоо программаларын

аппаратыңызга жана аны менен туташкан

компьютерге орнотуңуз. Бир эле убакытта,

бир гана антивирус тиркемесин

колдонуңуз. Көбүн колдонуу,

аппаратыңыздын жана/же

31

background image

компьютериңиздин иштешине таасирин

тийгизиши мүмкүн.

Эгерде сиз, орнотулган чөп каттар

жана үчүнчү тараптын интернет

сайттарынын шилтемелерине кирсеңиз,

керектүү алдын алуу аракеттерин көрүңүз.

Nokia андай сайттар үчүн жоопкерчиликти

албайт.

Иштөө чөйрөсү

Бул аппарат RF таасирленүү

көрсөтмөлөрүндө келтирилген, кулакка

жакын кармап, кадимки колдонуу

абалынын шарттарына туура келет же

болбосо, денеден эң аз дегенде1,5

сантиметр (5/8 дюйм) аралыкта алып жүрүү

керек. Сумка, кемер илгичи, же кутуча

аппаратты денеге жакын алып жүрүү үчүн

колдонулса, алар металл тетиктерди

камтыбаш керек жана аппаратты денеден

жогоруда айтылган алыстыкта кармашы

керек.

Маалымат файлдарын же кабарларды

жиберүү тармак менен сапаттуу

байланышты талап кылат. Маалымат

файлдар же кабарлар качан андай

байланыштын болоорун күтө беришет.

Берилиш өтмөйүнчө көрсөтмөдө айтылган

алыстыкты сактаңыз.

Унаалар

Радио сигналдары мотор унааларында

туура эмес орнотулган же тиешелүү түрдө

корголбогон электрондук май

инжектордук, блоктоого каршы

тормоздук, электрондук ылдамдыкты

контролдоо, аба баштыктар системалары

сыяктуу электрондук системалардын

иштөөсүнө таасир тийгизүүсү мүмкүн. Дагы

көбүрөөк маалыматты унааңыздын же

андагы жабдууларды чыгаруучусунан

алыңыз.

Атайын даярдыгы бар адистер гана

аппаратты унаага орнотушу керек. Туура

эмес орнотуу же тейлөө кооптуу болушу

мүмкүн жана жабдууга берилген

кепилдикти жокко чыгарышы ыктымал.

Сиздин унааңызга орнотулган зымсыз

аппараттар туура орнотулуп жана

иштетилип жатканын маал маалы менен

текшерип туруңуз.Тез тутануучу

суюктуктарды, газдарды же жарылуучу

заттарды зымсыз жабдуулар орнотулган

бөлүмдөрдө чогуу сактап же ташып

жүрбөңүз. Aба жаздыктардын абдан бир

заматтын ичинде абага толо тургандыгын

эске алыңыз. Аспабыңызды же кошумча

жабдууларды аба жаздыктары жазыла

турган мейкиндикке койбоңуз.

Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр

Абада жарылуучу заттары бар аймактарда

аспабыңызды өчүрүп коюңуз. Бул

жерлерде учкундар адамдын өлүмүнө же

жарадар болушуна себеп болгон жарылуу

же өртү чыгарышы мүмкүн. Май куюучу

станцияларда, май сактоо жана таратуу

жайларында, химиялык заводдордо же

жарылуу иштери жүрүп жаткан жерлерде

койгон чектөөлөргө баш ийиңиз.

Жардыруу коркунучка жакын чөйрөлөр

кээде так белгиленбейт. Алардын

катарына демейде унаа моторун иштетпей

коюуга мажбур болгон учурлар,

32

background image

кемелердин төмөнкү палубалары,

химикалык заттарды ташуучу же сактоочу

жайлар жана абасында химиялык заттар

же болбосо чаң, дандын кабыгы же металл

күкүмдөрү сыяктуу майда бөлүкчөлөр

учкан жерлер да кирет. Суюкталган газ

(пропан же бутанга окшогон) күчү менен

жүргөн унаалардын жакын арада туруп

колдогу аспаптын иштетүү жагын алардын

чыгаруучулардан тактап билүүгө болот.

Сертификация маалыматы (SAR)

Бул мобилдик аппарат радио

толкундарынын таасири менен

байланышкан жолдомолордун

талаптарына жооп берет.

Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич

жана кабыл алгыч. Ал эл аралык

колдонмолордун радио толкундарынын

таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө

сунуштарын эске алуу менен иштеп

чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз

каранды эмес илимий уюму тарабынан

түзүлүп, баардык жаштагы жана ден

соолук абалындагы адамдарды сактоо

үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.

Уюлдук аппараттардын таасир

колдонмолору Specific Absorption Rate

(Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу

ченемин пайдаланат. ICNIRP

колдонмолорунда көрсөтүлгөн SAR чеги

10 грамм дене ткандарына орточо баа

менен алганда 2.0 Ватт/килограммга (В/кг)

жеткенде туура келет. SAR тесттери

кадимкидей иштетүү акыбалда

колдонулган, бардык текшерүүгө туура

келген жыштык тасмалар боюнча,

тастыктоого болгон күчтүн эң жогорку

деңгээлине коюлуп иштетилген аспап үчүн

өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR

деңгээли эң жогорку нарктан төмөн

болушу мүмкүн, анткени аппарат

тармагына жетүү үчүн талап кылынган

кубаттуулукту гана пайдаланууга түзүлгөн.

Тармак станциясына жайгашууңуз

канчалык жакын болгондугуна жана башка

ушу сыяктуу факторлорго жараша бул сан

өзгөрүп турат.

ICNIRP колдонмолору астындагы SAR дын

эң чоң мааниси, аспапты кулакка

тийгизгенде 1,15 ватт/кг .

Аппаратка туташтырылган кошумча

жабдуулар колдонуусу SAR нарктарын

өзгөртүп салат. SAR нарктардын

өзгөрүүсүнө өлкөдөгү отчет берүү

стандарттар, сынамак талаптар жана

тармактын тилкеси өзүнүн салымын кошот.

Кошумча SAR маалыматты www.nokia.com

өнүм маалымат астында таап алса болот.

ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

0434

Nokia, ЕУ Билдирилген Мүчөлөрү

ортосунда колдон колго өтөт, жана бул

өнүм эки Билдирилген Мүчөлөр тең

тарабынан ЕУ жоболоруна туура келет деп

33

background image

ырасталган. CE белгилердин бири өнүмдүн

тышында ал өткөөл мезгил учурунда пайда

болушу мүмкүн.

Ушуну менен NOKIA CORPORATION

мындагы RM-647 продукттун 1999/5/EC

Директивасынын негизги талаптарына

жана башка тиешелүү жоболоруна дал

келгенин жарыя кылат. Ылайык келүү

Декларациясынын көчүрмөсүн төмөнкү

даректен тапса болот http://

www.nokia.com/global/declaration .

© 2011-2012 Nokia. Бардык укуктар

сакталды.

Nokia, Nokia Connecting People, жана Navi

бул, Nokia Corporation корпорациясынын

соода белгилери же катталган соода

белгилери. Nokia tune Nokia Corporation үн

белгиси. Мында жана мындан кийин

аталган башка өнүм жана компания аттары

тиешелүү ээлерге тийиштүү соода

белгилери жана соода аттары болушу

ыктымал.

Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген

уруксатысыз бул документтин үзүндүсүн

же толук мазмунун кандайдыр бир түрдө

кайра чыгарууга, колдон колго өткөрүүгө,

таратууга жана сактоого тыюу салынат.

Nokia тынымсыз өнүгүү саясатын

жүргүзөт. Nokia бул документте

көрсөтүлгөн кайсы өнүм болбосун, алдын

ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана

жакшыртууларды киргизүү укугун сактайт.

Tиешелүү мыйзам жол берген максималдуу

даражада Nokia же анын лицензиясы менен

иштегендер кандай гана кырдаал

болбосун, маалымат же киреше

жоготууларына, же атайын, кокустан,

түздөн-түз же кыйыр жоготууларга жооп

бербейт.

Бул документтин мазмуну "кандай болсо

ошондой" берилди. Тиешелүү мыйзам

талап кылбаган бардык учурда, эч кандай

гарантия ачык түрдө же маанисинен келип

чыгуучу, анын ичинде, бирок аны менен

чектелбестен товардын айрым

максаттарга жарамдуулук жана бүтүндүк

гарантиясы ушул документтин тактыгы,

тууралугы же мазмуну боюнча берилейт.

Nokia, бул документке алдын ала

маалымдоосуз өзгөртүүлөрдү киргизүү же

алып салуу укугун сактайт.

Кээ бир продукттардын, өзгөчөлүктөрдүн,

тиркемелердин жана кызматтардын

болушу аймакка жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Кошумча маалымат алуу үчүн, Nokia

дилериңизге же кызмат тейлөөчүңүзгө

башка өлкөлөрдүн экспорт боюнча мыйзам

жана токтомдордун предмети болгон

товарларды, технологияларды же

камсыздоо программаларды камтышы

мүмкүн. Мыйзамдын чегинен чыгууга тыюу

салынат.

34

кайрылыңыз. Бул аппарат АКШнын жана

Б

KY

асылма3.2